Сирияга кургактыктан кыймылга кошулуу ниетибиз жок

Сирияда 1-январдан тарта өткөөл мезгил процесси башталат.

366655
Сирияга кургактыктан кыймылга кошулуу ниетибиз жок

Түркиянын тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу Сирияда кургактык операциясы күн тартипте эмес экендигин айтты.
Феридун Синирлиоглу Венадагы Сирия жыйналыштарынан кийин бир документ боюнча макулдашкандарын жарыялады.
Синирлиоглу Чоң жыйырмалык саммитиндеги маалымат жыйынында өткөөл мезгил процесси үчүн мөөнөт да берди.
6 айлык мөөнөт, 1-январда башталат жана бул 6 айдын акырында да жаңы өкмөттүн курулушу көздөлүүдө.
Бул өкмөт Женева билдирүүсүндө көздөлгөндөй түрдө ишке ашыруунун бардык жоопкерчиликтерин өткөрүп алат.Андан соң өкмөт чыгара турган токтом боюнча 18 же 24 айлык мөөнөт башталат.
Бул мөөнөттө Асаддын саясий келечегине болсо ушул 6 айлык мөөнөттүн ичинде чечим чыгарылат.Ал эми Асаддын шайлоолордо талапкер болушуна уруксат берилбейт.
Феридун Синирлиоглу террор уюму ДЕАШка карай коалициялык күчтөр менен бирге кургактык операциясы маселесине болсо, «Операциялар болушу мүмкүн, бирок Түркиянын кургактык күчтөрү менен Сирияга кирүү сыяктуу ниети жок» деген жообун берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар