Түрк аба жолдорунун Франция жүргүнчүлөрүнө жардамы

Түрк аба жолдору 21-ноябрга дейре Түркиядан Францияга саякатка бара турган жүргүнчүлөрдүн билеттерин жазасыз алмаштырат.

366104
Түрк аба жолдорунун Франция жүргүнчүлөрүнө жардамы

Түрк аба жолдору Парижде болгон теракттын себебинен Францияга кете турган жүргүнчүлөрдүн билеттерин жазасыз алмаштырып бермей болду.

Түрк аба жолдору 21-ноябрга дейре Түркиядан Францияга саякатка бара турган жүргүнчүлөрдүн жапа чегип калбашы үчүн ушундай түзөтүү киргизди.
Анда билеттерин 2015-жылдын 14-ноябрынан мурда сатып алгандар жана 14-21-ноябрь күндөрүнүн арасында Түркиядан Францияга (Париж, Лион, Ницца, Тулуза, Бордо) жол тарта турган жүргүнчүлөрдүн билеттерин кандайдыр бир жаза төлөтпөстөн, саякаттарынын 14-ноябрдан 14-декабрга чейин каалаган күнүнө жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берди.
Жүргүнчүлөрдүн билеттерин алмаштыртуу үчүн 21-ноябрга чейин кайрылуулары керектиги баса белгилеген жарыяда, «Түзөтүүдө билетти кайтарып берүү жана машрут алмаштырууга байланыштуу кандайдыр бир жаңылык жок»-деп берилди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар