Чоң жыйырмалыкта иш-чаралар өтүүдө

Эрдоган Чоң жыйырмалыктын Лидерлер саммити үчүн Антальяга келген делегация башчыларына кечки сый тамак берди.

366240
Чоң жыйырмалыкта иш-чаралар өтүүдө

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Чоң жыйырмалыктын Лидерлер саммити үчүн Антальяга келген делегация башчыларына кечки сый тамак берди. Президент Эрдоган, уюшулган кечки тамакка келген конокторун жубайы Эмине Эрдоган менен тосуп алды.

Кечки тамакка, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги-Мун, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинг, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Зимбабве президенти Роберт Мугабе, Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун, Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түштүк Африка Республикасынын Президенти Жейкоб Зума, Малайзиянын премьер-министри Нежип Резак, Сенегалдын президенти Маки Салл, Индонезиянын президенти Жоко Видодо, Экономикалык Кызматташуу жана Өнүктүрүү Уюмунун баш катчысы Анхель Гурриа, Эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Гю Райдер, Финансылык Туруктуулук Кеңешинин Төрагасы Марк Карни жана Дүйнөлүк Банктын президенти Жим Ён Ким катышты. Тамактануудан соң келген конокторго, салттуу Түрк кол өнөрчүлүгүнөн эбру (сууга сүрөт тартып, аны кагаз бетине түшүрүү сүрөт искусствосу) жана айнек менен иштөө боюнча атайын көнүгүүлөр көрсөтүлдү. Лидерлер көл өнөрчүлөр менен биргеликте Түрк кол өнөрчүлүк искусствосун өздөрү иш жүзүндө жасап көрүштү. Саммите каралаган, калган маданий иш-чаралар Париждеги болуп өткөн окуяга байланыштуу ишке ашырылган жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар