Президент демилгечи топ менен кеңешти

Кеңешүүнүн темасы 15-16-ноябрда Антальяда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммити болду.

414493
Президент демилгечи топ менен кеңешти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Президенттик дастаркондо Чоң жыйырмалыктын демилгечи топторунун өкүлдөрүн кабыл алды.
Президенттик комплекстеги кабыл алууда демилгечи топторго мүчө 17 өкүл катышты.
2,5 саатка созулган кеңешүүнүн темасы 15-16-ноябрда Антальяда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммити болду.
Чоң жыйырмалыктын демилгечи топторунун жыйналышы мындан мурда орто эсеп менен 50 өлкөдөн 500-800 чамалуу делегациянын катышуусунда өткөрүлгөн.
Президенттик дастаркондо В20нын төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, Башкаруу кеңкшинин мүчөлөрү Мехмет Бүйүкекши менен Наил Олпак, С20дан төрайым Зейнеп Бодур Окйай, Мерйем Аслан, Чигдем Нас, Л20дан төрага Эргүн Аталай, Махмут Арслан, Т20дан төрага Гүвен Сак, Бирол Акгүн, Бурханеттин Дуран, W20дан төрага Гүлден Түркан, Саре Айдын Йылмаз, Нилүфер Булут, Й20дан төрага Эмре Женкер, Ибрахим Кожа, Нуруллах Чагры Девежи конок болушту.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар