Шайлоодон кийинки коопсуздук жыйыны

Өкмөт башчы Давутоглу кыш шарттарында операциялардын улантылышы үчүн буйрук берди.

410897
Шайлоодон кийинки коопсуздук жыйыны

Премьер-министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде Чанкая сарайында коопсуздук жыйыны өттү.
Жыйналыштын күн тартибинде террор уюмдарына карай операциялар жана 1-ноябрдагы шайлоолор бар эле.
Шайлоодон кийинки алгачкы коопсуздук жыйынында Башкы штаб төрагасы, вице-премьерлер менен тийиштүү бюрократтар катышты.
Жыйналышта 1-ноябрь парламенттик шайлоолорунда шайлоо коопсуздугунун камсыздалышына карай көрүлгөн чаралар жана коопсуздук абалына баа берилди. Премьер-министр бул процесстеги жогорку аракеттеринен улам коопсуздук, жандармерия жана мамлекеттин тийиштүү бардык бөлүмдөрүн куттуктады.
Премьер-министр бул процессте көрсөтүшкөн жогорку ийгилигинен улам Коопсуздук, Жандармерия жана мамлекеттин тийиштүү бардык бөлүмдөрүн куттуктады.
Коопсуздук жыйналышынын негизги күн тартип беренеси террор уюмдарына карай жүргүзүлгөн 3 жактуу операциялар эле.
Орамар, Икияка жана Даглыжа аймактарынын террор уюмунун мүчөлөрүнөн тазаланышында камсыздалган ийгилик жана Ирак чек арасын бойлой жүргүзүлгөн кыймылдар туурасында маалымат берилди. Террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк баса белгиленди.
Өкмөт башчы Давутоглу кыш шарттарында операциялардын улантылышы үчүн буйрук берди.
Жыйналышта Сириядагы абалдар, чек аранын ары жагында ДЕАШ элементтерине каршы жүргүзүлгөн операциялар жана коалициялык күчтөр менен бирге жүргүзүлгөн кыймылдар да каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар