Түркия шайлоого барат
Шайлоодо 16 саясий партия жана 21 көз карандысыз депутат талапкери жарышат
Түркия 26 - мезгилдик парламентинин мүчөлөрүн шайлоо үчүн 1 - ноябрда добуш берет. Шайлоодо 54 миллион 49 миң 940 шайлоочу жалпы 175 миң 6 үкөктө добуш берет. Шайлоодо 16 саясий партия жана 21 көз карандысыз депутат талапкери жарышат.
Шайлоо комиссиясынын чечими боюнча 1 - ноябрда Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Анадолу аймактарында эрте менен саат жетиден он алтыга чейин башка аймактарда болсо саат сегизден он жетиге чейин добуш бере алышат.
Добуш берүү сааты бүтсө да үкөк башында күткөндөр бар болсо добуш берүү кеңешинин төрагасы шайлоочуларды санагандан кийин жана күбөлүктөрүн алгандан кийин кезеги менен добуштарын колдонууга уруксат берет. Шайлоо комиссиясы белгилеген сааттан кийин келген шайлоочу добуш бере албайт.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718939319)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.