Лейкоз оорусу үчүн жаңы дары-дармектер жакында Түркияга келет
41 өлкөдөн келген 1 миң 64 гематолог Антальяда чогулду.
355224
Дүйнөнүн төрт тарабынан келген гематологдор Антальяда жолугушушту.
6-Эл аралык Евразия гематология конгрессинде, лейкоз оорусу жана айрым лимфомаларда колдонуу үчүн жасалган жаңы дары-дармектердин жакынкы мезгилде Түркияга келе турганы билдирилди.
41 өлкөдөн 1 миң 64 гематолог Антальяда чогулду.
Гематология жана гематологиялык рактарга каршы акыркы дарылоо ыкмалары талкууланды.
Адистер лейкоздун дарыласа боло турган оору экенин белгилешип, оорулуунун тартиптүү түрдө дарылануусу керектигин баса белгилешти.