Бор көптөгөн тармакта колдонулат

Түркияда бор булактары 73 пайызды түзөт

349000
Бор көптөгөн тармакта колдонулат

Дүйнөлүк бор булактарынын 73 пайызы болгон Түркия бул тармакта лидер катары орун алууда. Түркиядан кийин Орусия менен АКШ келет.
Мунун тышында Кытай, Аргентине, Боливия, Чили, Перу, Казакстан, Сербия жана Иранда да иштетилип жаткан бор резервдери бар.
Бор табиятта таза элемент катары жок, чопо жана башка топурак менен аралаш болот. Табиятта билинген 230 бор минералы бар.
Бор негизинен миңдеген жылдар мурунтадан бери түрдүү тармактрада колдонулган минерал. Бор туздарын биринчи жолу 4 миң жыл мурда Тибетте жашаган кишилердин колдонгону болжолдолууда. Вавилдиктер баалуу буюмдарын катуу абалынан суюктук абалга алып келүү үчүн, египеттиктер мумиялоодо, байыркы грек жана римдиктер да бор туздарын аренанын тазалыгы үчүн колдонушкан. Араптар болсо борду башка тармактарда колдонушкан, дары жасоодо. Борду Тибеттен Европага алып келген Марко Поло болгон.
АКШ бор резервдерин таап өндүрө баштаганда дүйнөнүн борго болгон муктаждыгын камсыз кылган биринчи өлкө болгон. Түркия болсо биринчи жолу бор өндүрүшүн бир француз фирмасынын жардамы менен 1965 - жылы баштаган. Бүгүн Түркияда бор кенин иштетүү 1983 - жылы чыккан 2840 номердүү мыйзам боюнча мамлекет тарабынан иштетиле турган кендердин негизинде Эти кендерин иштетүү боюнча баш директорлугу тарабынан жүргүзүлүүдө. Азыркы күндө дүйнөнүн бор талабынын эң маанилүү бөлүгүн Эти кен байлыктарын иштетүү мекемеси камсыз кылууда.
Бор жалпысынан айнек, керамика, дыйканчылык жана ар кандай тазалык каражаттарын чыгаруу секторлорунда колдонулууда. Бул секторлордун тышында медицина, атомдук жана күйүүчү май, аскердик каражаттар, нанотехнология, автомобиль, энергетика, металлургия, курулуш сыяктуу бир топ сектордо да колдонулат.
Бор катуулугунан улам аскердик унааларда, ок өткөрбөс желектерде колдонулат. Терезе же шише сыяктуу атайын жасалган айнектерде бор кислотасы, колеманит баш тартылгыс материалдар. Автомобилден баштап спорттук материалдарга чейин бир топ өнөр жайда колдонулган айнек волокносу үчүн да бор керектелет. Бор минералдары самын жана тазалык каражаттарында микроп өлтүрүүчү, суу жумшатуучу жана агартуучу таасири менен колдонулат. Ал түгүл Батыш Европада колдонулган бордун көпчүлүгү тазалык каражаттарын чыгарган жердин ичинде. Бор минералдары дыйканчылыкта да өсүмдүктөрдү азыктандырган көң катары керексиз чөптөрдүн тазалануусунда жана топурактын тазалануусунда колдонулууда. Ошол эле учурда борду альтернатив бир күйүүчү зат катары колдонууга байланыштуу иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Медицина тармагында бор өзгөчө ракты дарылоодо колдонулууда.
Түркияда жана дүйнөдө бор продукциялары менен технологияларынын кенен түрдө колдонулуусун максат кылган Улуттук Бор Иликтөө Институту БОРЕН 2003 - жылы курулган. БОРЕН иликтөө проектилери менен бор продукциясы жана технологияларынын өнүгүүсүндө жана сектордук ишке ашырууларда глобалдык актер болууну орундатууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар