Жизре Түркиянын чыгышындагы аймак

Аймак террористтерден тазаланышы үчүн көчөгө чыгууга тыюу салынган.

350189
Жизре Түркиянын чыгышындагы аймак

Бөлүүчү террор уюму ПККлыктар уя салган Шырнактын Жизре районунда 6-сентябрда жарыяланган жана 8 күн көчөгө чыгууга тыюу салуунун убагында болгон жарандардын өлүмдөрүнүн жооптуулары да террористтер болуп чыкканы белгиленди.
Ушул процессте террористтер жарандык калкы өлтүрүп жатканда, күнөөнү коопсуздук күчтөрүнө коюуга аракет кылган эле.
Көчөгө чыгууга тыюу салуу, террор уюму ПККнын жалган автономия жарыя кылуу үчүн 280 террорист менен уялаган Жизрени кайрадан коопсуз абалга келтирүү үчүн жарыяланган болчу.
Бул террористтер менен боло турган кагылышуудан корголушу үчүн жарандардан үйлөрүнөн чыкпоолору талап кылынды.
А бирок террористтер коопсуздук күчтөрүнө снаряд, алыс аралыкка атуучу курал жана жарылуучу заттар менен кол салууларында жарандарды да атып жатышты. Террористтер кээде элди жандуу калкан катары колдонду, кээде үйүн басып алып талап тоношту. Бул үйлөрдү баш калкалоочу жай катары колдонушту. Коопсуздук күчтөрүнө жаран калк араң кирген үйүнөн ок атышты.
Жизре мэриясынын жалган автономияны жактаган жана дагы эле камакта кармалган мэри кагылышуулар убагында зыянга учураган комплекстерди оңдоого, көчөлөрдө чогулган таштандыларды чогултууга да жакындаган жок. Аймакта электр энергиясы болбогонун шылтоо кылгандар, «көмө албаган өлүктөрдү муздаткычта сактоодобуз» деген сөздөрү менен өздөрүн төгүнгө чыгарды.
Террор уюму болсо бул учурда ичкеридеги куран курсу, мектеп имараты менен окуучу жатаканларына кол салды. Террористтер канкорчо кол салууларын мечиттерге буруудан да баш тартышкан жок.
Учарда аймактагы абал коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлү астында. Аймакта күнүмдүк турмуш нормалдашты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар