Эгей деңизинде баш калкалоочуларды ташыган кеме оодарылып кетти
Эгей деңизинде баш калкалоочуларды ташыган кеме оодарылып кетип 34 киши каза болду.
Мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган баш калкалоочуларды ташыган кеме Буламач аралынын (Фармокониси) жээктеринде кырсыкка учурады.
Кемедеги бир көчмөндүн жооптуу кызматкерлерге телефон чалып жардам сураганы боюнча аймакка барган куткаруучу топ 4ү наристе, 11и баладан турган 34 кишинин сөөгүн тапты. Каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экени билдирилди.
Куткарылган баш калкалоочулардын грек медиа органдарына берген маалыматтарына караганда, кеме моторундагы бузулуунун себебинен оодарылып кеткен жана кеминде 190 киши болгон.
Грек медиасында орун алган маалымттарда, издеп-куткаруу иштери аймактагы катуу шамалдын айынан оор шарттарда уланып жатканы белгиленип, ушул учурга чейин 68 баш калкалоочунун куткарылганы, 30 кишинин болсо жээкке сүзүп чыкканы баяндалды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718945612)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.