«Түркчө менен Афганстанды таанып жатам» конкурсу аяктады

Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлык берилди

344020
«Түркчө менен Афганстанды таанып жатам» конкурсу  аяктады

Түркия кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА тарабынан Кабул университетинин тил жана адабият факультетинин түркчө бөлүмүндө өткөрүлгөн «Түркчө менен Афганстанды таанып жатам» конкурсунда Ахура Нергис биринчи болду.
Университеттин түркчө бөлүмүнөн 100дөн ашуун студент катышкан «Түркчө менен Афганстанды таанып жатам» конкурсунда 10 студентке сыйлык берилди. Сыйлык берүү аземине Түркиянын Кабулдагы элчиси Али Саит Акын, Афганстан билим берүү министрлигинин жетекчилери да катышты.
ТИКА координатору Сүлейман Шахин : «Бул конкурста студенттерге Афганстандын тарыхы, маданияты, географиясы жана өлкө жетиштирген инсандар тууралуу 50 суроо сурадык, максат студенттердин түркчө үйрөнүп жатып өз өлкөсүнө жана маданиятына болгон жакындыгын тил менен бириктирүүсү. Бул конкурстардын бат – бат болуп турушу жана ийгиликтүү болгон студенттерге сыйлыктардын берилиши студенттердин сабакка болгон кызыгуусун күчөтүүдө»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар