Түркия террорду наалаттоо үчүн жүрүшкө чыкты

Хаккари жана Ыгдырдагы террордук кол салуулар жалпы Түркияда өткөрүлгөн жүрүштөр менен наалаттанды

376808
Түркия террорду наалаттоо үчүн жүрүшкө чыкты

Борбор шаар Анкарада «Шейитке урмат – сый, террорго наалат» жүрүшүнүн алкагында Гази университетинин Бешевлер кампусунун алдында чогулган калың топ түрк байрактары менен ураандардын коштоосунда Кызылайга карай жүрүштү. Жүрүшкө чыккан топко кээ бир жарандар да колдоо көрсөтүштү.
Стамбулда да Үлкү ожакларынын чакыруусу менен Межидийекөйдө чогулган миңдеген киши колдорунда түрк байрактары менен Бешикташ аянтына карай жүрүштү.
Стамбулда бир топ райондо да террордук кол салууларга каршы митингдер өткөрүлдү. Кээ бир тотпор басма сөз мекемелерине таандык имараттарга кол салышты. Террордук кол салуулар Кахраманмараш, Йозгат, Мерсин, Хатай, Конья, Самсун, Карабүк, Токат, Кырыккале, Аксарай, Күтахя, Чанаккале, Бурса, Сакария, Балыкесир, Амасия, Денизли, Айдын, Мугла жана Измирде да митингге чыгышты.
Миңдеген жаран террорду наалаттады. Текирдаг Чорлуда да такси жана мотоцикл конвою менен кол салууларга каршы митинг өткөрүлдү. Террорго каршы митингдер кээ бир шаарларда максатынан чыгып, Элдердин демократиясы партиясы ХДП имараттары бутага алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар