Түрк куралдуу күчтөрү көңүл айтты

Террордук кол салуудан кечээ 14 полиция шейит болду.

343732
Түрк куралдуу күчтөрү көңүл айтты

Түрк куралдуу күчтөрү кечээ Ыгдырда жолго жайгаштырылган минанын жарылышынын себебинен шейит болгон 14 полиция үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Генштабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө, бөлүүчү террор уюму тарабынан канкорчо жасалган бул кол салуу Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлерин катуу капага салганы баса белгиленди.
Билдирүүдө: «Шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болсун, үй-бүлөлөрүнө, жакындарына, коопсуздук кызматкерлерине жана түрк элине көңүл айтып, кол салууда жараланган баатыр полицияларыбыздын бат сакайып кетишин тилейбиз»,-деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар