12 Дөөдөй киши жакшы баштады
Түркия Италияны 89-87 упай эсебинде утуп алды.
342893
"А" улуттук курама баскетбол командасы Европа чемпиондугу-2015 мелдештеринин «В» тайпасындагы алгачкы оюнунда Италия менен беттешти.
Италияны 89-87 упай эсебинде утуп алган Түркия, атаандашы менен болгон расмий беттешүүлөрдө 58 жыл өткөн соң жеңген болду.
Улуттук курама команда бул жыйынтык менен чемпиондукка жакшы баштаган болду.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу «А» улуттук баскетбол командасын куттуктады.Давутоглу социалдык медиа тармагындагы жарыясында, «EuroBasket 2015 мелдештерине жакшы баштаган улуттук баскетболчуларыбызды чын жүрөктөн куттуктаймын. Ийгилигинин уланышын күтөбүз»-деди.