Иракта түрк жумушчулар качырылды

Ирактын борбор шаары Багдатта бир курулушта иштеген 18 түрк качырылды

373291
Иракта түрк жумушчулар качырылды

Ирактын борбор шаары Багдатта бир курулушта иштеген 18 түрк качырылды. Качырылгандардан 14нүн жумушчу, үчөөсүнүн инженер жана бирөөсүнүн да бухгалтер экени белгиленди. Качырылган кишилердин Багдаттын түндүгүндөгү Садр районунда бир спорт комплексин куруп жаткан түрк фирмасынын жумушчулары экени белгиленди.
Аскердик форма кийгени белгиленген террористтердин жүк ташуучу машиналар менен курулуш жерине таңга жуук келишкени жана коопсуздук кызматкерлерин таасирсиз абалга алып келишкендери белгиленди.
Каравандарда уктап жаткан түрктөрдү алып аймактан ылдам түрдө чыгып кетишкен.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич : «Окуя билдирилгенден кийин Багдаттагы элчибиз ирактык жетекчилер менен байланышка өттү. Азыркы учурда кишилердин эмне себептен качырылганын айтуу кыйын. Түрк фирмалары менен да байланыштабыз»,- деди.
Билгич : «Бул окуяда фирмада түрк жумушчуларынын башка өлкөлөрдүн жарандарынан бөлүп тандашкандарын билдик»,- деди. Качыруунун себеби иликтенип, кун үчүн болушу мүмкүн экени да ойлонулууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар