ДЕАШка каршы операция

Түрк согуштук учактары биргелешкен операцияга катыша баштады.

372015
ДЕАШка каршы операция

Түрк согуштук учактары террордук уюм ДЕАШты бомбалады.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, террордук уюм ДЕАШка каршы АКШ менен биргелешкен операциянын кечээ кечинде башталганын билдирди.
Түркия менен коалиция күчтөрүнө таандык согуштук учактар террордук уюм ДЕАШ буталарын бомбалап жок кылышты.
Түрк аба күчтөрүнө таандык учактар бул жолу коалиция күчтөрүнүн учактары менен бирге асманга көтөрүлдү.
Мурда белгиленген ДЕАШ буталары өз-зүнчө бомбаланды.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Согуштук учактарыбыздын ушул алкакта коалицияга таандык согуштук учактар менен бирге Сирияда белгиленген, өлкөбүздүн коопсуздугуна коркунуч туудурган ДЕАШ буталарына каршы абадан операциясы кечээ кечинде башталды»,- деп айтылды.
Билдирүүдө террордук уюм менен күрөшүүнүн ошол эле учурда улуттук коопсуздук маселеси экени да баса белгиленип, Түркиянын ДЕАШты 2013-жылы террордук уюмдардын тизмесине киргизгени эске салынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар