Түркия кайрымдуу өлкө

Түркия гуманитардык жардам көрсөтүү жагынан дүйнөдө төртүнчү өлкө.

369842
Түркия кайрымдуу өлкө


Түркия көптөгөн мекеме жана жарандык коомдук уюмдар аркылуу жер титирөө, сел, тайфун жана жугуштуу оорулардан жапа чеккен өлкөлөргө көрсөткөн жардамдары менен 4 материкте 40тан ашуун өлкөнүн жүзүн жылмайтты.
Түркияга кирген сириялыктар болсо курулган 25 убактылуу баш калкалоочу борбордо коноктолуп, муктаждыктары камсыздалды.
Түркия ушул тармакка жалпы 5,6 миллиард доллар сарптады.
Түрк кызылайы 10 жылдын ичинде орто эсеп менен 1 миллиард 47 миллион доллардык эл аралык жардам көрсөттү.
Түрк кызылайы менен АФАД жана ТИКА тарабынан Сирия, Палестина, Непал, Ирак, Украина, Сомали, Таиланд, Борбордук Африка Республикасы, Бангладеш, Газа, Нигер, Пакистан, Филиппин, Ооганстан, Черногория, Коссово, Босния-Герцеговина, Мавритания, Чад, Индия, Тонга, Сейшель аралдары, Мали, Малайзия, Мозамбик, Мьянма, Түндүк Корея, Крым сыяктуу өлкөлөргө жардам көрсөтүлдү.
Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча гуманитардык жардам фонду да көптөгөн өлкөгө жардам көрсөттү.
Бул уюм Сирия, Палестина, Египет, Ливан, Йемен, Сомали, Эфиопия, Бангладеш, Шри-Ланка, Афганистан, Азербайжан, Аракан, Албания, Босния-Герцеговина, Чечня, Ачех, Эритрея, Гамбия, Гана, Индия, Ирак, Иран, Кения, Кашмир, Крым, Косово, Морони, Непал, Паттани, Сьерра-Леоне, Тажикистан, Тунис, Зимбабве, Ливан жана Непалда кызмат көрсөттү.
Жер жүзүндөгү доктурлар уюму да 4 материктеги 40 өлкөгө азык-түлүк жана мединициналык жардам жеткирди. Ушул алкакта 2 жылдын ичинде 40 өлкөдө 90 миң киши дарыланып, 5 миң операция жасалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар