1800 жылдык айкел башы табылды

1800 жылдык экени белгиленген теңир Атена жана Рим теңири Януска таандык экени белгиленген баштар коргоого алынды

369944
1800 жылдык айкел башы табылды

Денизлидеги Лаодикия байыркы шаарында жүргүзүлүп жаткан казуу иштеринде биздин замандын 2 - кылымдын экинчи жарымынын өзгөчөлүктөрүн алып жүргөн эки айкел башы ачыкка чыгарылды.
1800 жылдык экени белгиленген теңир Атена жана Рим теңири Януска таандык экени белгиленген баштар коргоого алынды.
Казуу тобунун башчысы Памуккале университетинин археологиялык институнун директору жана археология бөлүмүнүн башчысы профессор доктор Желал Шимшек үч башка айкел башы жана Күн саатынын да ачыкка чыгарылганын айтты.
Инжилде аты аталган 7 ыйык чиркөөнүн бири табылган Денизлинин эң чоң байыркы шаары Лаодикияда Денизли муниципалитетинин коргоосу астында Памуккале университети тарабынан жүргүзүлгөн казуу иштеринде бул жылы төрт айкел башы дагы табылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар