Түркия террор менен күрөшүүдө чечкиндүү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк маалыматын берди.

340434
Түркия террор менен күрөшүүдө чечкиндүү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Айыл күзөтчүлөрү жана Шейит үй-бүлөлөр конфедерациясын кабыл алды.
Өкмөт башчы Давутоглу: «ДАИШ атынын астында жаштарыбызды Сирияга алып кеткендер да, ПКК деген аттын астында Түндүк Иракка алып кеткендер да, мамлекетибиздин чечкиндүүлүгүнө акыры моюн сунууга аргасыз болушат»-деди.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктү баса белгиледи.

Өкмөт башчы Давутоглу: «Кимде ким мамлекеттик тартипти бузуп жатса, атуулдарыбыздын жашоо укугуна коркунуч туудуруп жатса, жарандарыбыздан салык алып жатса, жаштарыбызды тоолорго алып кетип алардын келечегине балта чаап жатса, бул уюктарга каршы так буйрук берилди жана кыймылга өтүлдү. Кааласа ДАИШ, кааласа ПКК түрүндө болсун. Анадолу жана Месопотамиянын балдарын өздөрүнүн сокур идеологиялары багытында туткун кылууга аракет кылгандар менен күрөшүбүз уланат»-деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар