Түркия эл аралык жамаатка үлгү болууну улантууда

Стамбулда келээрки жылы маанилүү саммит өтөт.

335013
Түркия эл аралык жамаатка үлгү болууну улантууда

Гуманитардык жардам көрсөтүү жагынан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири болгон Түркия эл аралык жамаатка үлгү болууну улантууда.
Апаат, кагылышуу жана согуштан жабыр тарткандарга жардам көрсөткөн Түркия ушул тармакта маанилүү саммитке жетекчилик кылат.
АФАДдын төрагасы Фуат Октай кечээ Стамбулда Дүйнөлүк гуманитардык жардам күнүнөн улам өткөрүлгөн иш-чарада БУУнун келээрки жылы биринчи жолу уюштура турган Дүйнөлүк гумнитардык жардам саммитинин Стамбулда болоорун айтты.
193 өлкөнүн гуманитардык жардам уюмдарын жолугуштура турган саммиттин 2016-жылдын 23-24-майында өтө турганын билдирген Октай, саммитте гуманитардык жардам системасынын дагы активдүү абалга кантип айландырса болоору талкуулана турганын баяндады.
БУУнун Багдаддагы имаратына 2003-жылы бомбалуу кол салуу жасалып анда 22 кишинин каза болгону боюнча 19-август Дүйнөлүк гуманитардык жардам күнү деп жарыяланган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар