Чавушоглу Брассёр менен сүйлөштү
Чавушоглу Түркиянын бөлүүчү уюм ПКК жана ДЕАШ террорлоруна каршы көрүлгөн чараларды түшүндүрдү.
325833
Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын төрагасы Брассёр, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна телефон акрылуу байланышып Түркияда акыркы убакта террордук кол салууларда каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Чавушоглу да террорду айыптаган Брассёрге бөлүүчү уюм ПКК жана ДЕАШ террорлоруна каршы Түркиянын көргөн чараларын түшүндүрдү.
Министр Чавушоглу террордун соңуна чыгарылышы үчүн өкмөт тарабынан башталган процесстин, бөлүүчү уюмдун террордук кол салуулардын себебинен үзгүлтүккө учураганын баса белгиледи.