Өкмөттү куроо үчүн кайрадан жолугушат

Давутоглу менен Кылычдароглу кайра жолугушат.

322261
Өкмөттү куроо үчүн кайрадан жолугушат

Өкмөттү куроо процессинин алкагында премьер-министр Ахмет Давутоглу менен Жумурият элдик пратиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу Премьер-министрликтин расмий имаратында төрт жарым сааттай сүйлөшүү өткөрүштү.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик жолугушуудан кийин журналисттерге берген маалыматында, «Түркияны өкмөтсүз калтырбоо жоопкерчилиги менен эки партиянын тең жетекчиси кеңири түрдө ар түрдүү баа берүүлөрдү жасашты»-деди.
Макулдашылган жана макулдаша албаган темаларда эки жетекчи өз көз караштарын айткандарын баса белгилеген Челик, азырынча натыйжа чыга электигин бейшемби же жума күнү эки тараптын кайрадан жолугуша тургандарын айтты.
Жумурият элдик партиясынын жетекчи орун басары жана партиясынын катчысы Халук Коч болсо партия катары Түркияны тынчтанта турган бир саясий эркти өнүктүрүүнүн талабын аткарууга аракет кылгандарын сөз кылып: «Максатыбыз конструктивдүү, натыйжа алуучу жана учурда болуп жаткан көп түрдүү маселелерди ашып өтүүгө салым кошуучу коалиция түзүү, өкмөт жоопкерчилигинин түзүлүшүн жеңилдетүү болгонун белгилей кетким келет»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар