Сирия чек арасында коопсуздук күчтөндүрүлүүдө

Сирия чек арасындагы кээ бир аймактардын коопсуздук мөөнөтү 15 күнгө узартылды

319766
Сирия чек арасында коопсуздук күчтөндүрүлүүдө

Газиантеп губернаторлугу атайын коопсуздук аймагы деп жарыяланган Сирия чек арасындагы кээ бир аймактардын коопсуздук мөөнөтүн 15 күнгө узартты.
Газиантеп губернаторлугу тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Көпрүбаты чек ара пункту менен Каркамыш району менен Түркюрду чек ара пунктунун арасында калган аймактар 22 - августка чейин атайын коопсуздук аймак деп жарыяланды. Атайын коопсуздук аймак деп жарыяланган жерлерде 15 күндүк мөөнөт менен бардык унаалар жана кишилердин кирип - чыгуу, керек болгондо тыюу салынуусу жана керектүү коопсуздук чараларынын көрүлүүсү облустук жандармерия командирлиги жана облустук коопсуздук директорлугу тарабынан көзөмөлгө алынат деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар