ТРТ менен Мальтанын арасында кызматташтыкка кол коюлду

Шенол Гөка ТРТнын бардык мүмкүнчлүктөрү менен Мальтанын таанытылуусуна абдан чоң салым кошорун айтты

318676
ТРТ менен Мальтанын арасында кызматташтыкка кол коюлду


ТРТ менен Мальта мамлекеттик теле көрсөтүүсүнүн ортосунда кызматташтык токтомуна кол коюлду.
ТРТнын баш директору Шенол Гөка ТРТнын бардык мүмкүнчлүктөрү менен Мальтанын таанытылуусуна абдан чоң салым кошорун айтты.
Мальтанын мамлекеттик телекөрсөтүүсү ТРТ менен кызматташтык токтомуна кол коюу үчүн 2014 – жылы кайрылган болчу. Аткарылган орток иштердин акырында эки мекеменин ортосунда биринчи кадамдар ташталды жана кызматташтык токтомуна кол коюлду. Мальтада кол коюлган кызматташтык токтому үчүн өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн ТРТнын баш директору Шенол Гөка Мальтаны тынчтык жана бир туугандык жашала турган жер катары аныктады. Шенол Гөка тынчтык жана бир туугандыктын аныкталуусунда медиа мекемелеринин ортосундагы кызматташтыктын абдан таасирдүү болгонун айтты.





Этикеткалар:

Тектеш кабарлар