Президент Эрдоган менен Бердимухаммедовдун жолугушуусу

Эки өлкөнүн ортосунда экономикалык кызматташтык өнүктүрүлөт

318300
Президент Эрдоган менен Бердимухаммедовдун жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган иш алып баруу жолугушууларын өткөрүү үчүн Түркияга келген Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов менен Стамбулда жолугушту.
Тарабя сарайындагы жолугушууда экономика, энергетика жана маданият темалары башта болуу менен эки тараптуу карым – катнаштар каралды. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Эрдоган жана Бердимухаммедов делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө жетекчилик кылышты.
Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы карым – катнаштардын күн тартибинде орун алган темалар каралган жолугушууда тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз жана экономика министри Нихат Зейбекчи да катышты.
Эрдоган менен Бердимухаммедов керек болсо жекеме жеке, керек болсо делегациялар аралык жолугушууларда эки өлкөнүн арасындагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу чечкиндүү экендерин баса белгиледи. Эрдоган Түркмөнстанда иш алып барган түрк фирмаларына көрсөтүлгөн жакын кызыгуудан жана көрсөтүлгөн ишенимден улам рахмат айтып, Бердимухаммедов да 84 - Эл аралык Измир жарманкесинде партнер өлкө катары катышуу чечимдерин бышыктады.
Эки лидер энергетика секторунун эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштардын маанилүү бир бөлүгүн түзгөнүнө көңүлдөрдү бурушту.
Жолугушууда маданий карым – катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү боюнча пикир алышуулар да болду. Ушунун алкагында Султан Сенжердин кабырынын рестоврациялануусу менен бирге Султан Алпарсландын кабырынын табылуусуна карата иштердин да кыска убакытта бүткөрүлүшү да сөз болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар