Түркия операциялар тууралуу иликтөө жүргүзүүдө

Террор уюму жарандарды жандуу калкан катары колдонгону да эске салынды.

311698
Түркия операциялар тууралуу иликтөө жүргүзүүдө

Түркия террор уюму ПККнын тылдык жана координация максаттары менен колдонгон Зергеле лагерине карай жүргүзгөн аба кыймылы убагында ПККнын жоготуусу менен бирге жарандар да каза болгону жөнүндөгү дооматтар туурасында иликтөө жана изилдөө баштады.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында эң жогорку стандарттарда жүргүзүлгөн аба кыймылы убагында бардык буталардын чалгындоодон келген чукул маалыматтар боюнча жарандар болбогондугуна толук ишенилген аянттардан тандалганын эске салынып, жарандар жоготууга учуратылбашы түчүн ар дайым эң жогорку аракет жумшалганы белгиленди.
Лагерде жарандар болбогону, а бирок жогорку деңгээлдеги ПККлыктардын кыймыл убагында ал жерде болгондору белгилүү экендиги баса белгиленген жарыяда, бир тараптан террор уюмунун жарандарды жандуу калкан катары колдонуп жаткандыгынын да тилекке каршы четке кагыла албай турганы билдирилди.
Анда, «Кандай болсо да күн тартипке келген бардык дооматтар эң кеңири түрдө иликтенип, бул жагдайда диалогубуз болгон Ирактын күрт аймагынын башкаруучулугу менен да биргелеше иштөөбүз кылдаттык менен жүргүзүлөт. Бул иликтөөлөрүбүздүн жыйынтыгында алынган маалыматтар коомдук пикирге эң жакынкы убакта бөлүшүлөт» делди.
Министрлик дооматтарга түшүндүрмө берген жарыяны күрт тилинде да жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар