Президент учакта маалымат берди

«Колаициялар өлкөгө пайда алып келбейт»

309032
Президент учакта маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган коалициялардын Түркияга пайда алып келбей турганын белгилеп, туруктуу азчылык өкмөтүнө да каршы экенин айтты.
Кытайдан Индонезияга баратып учакта журналисттерге билдирүү жасаган президент эң узун мөөнөттүү коалициянын 3 жарым жыл жашаганын эске салды.
Эрдоган : «Коалиция сүйлөшүүлөрүнөн оң жыйынтык чыкты. Чыкпаса дароо улуттук эркке кайрылалы, кайрадан эл чечимин берсин жана ушундайча азыркы учурдагы абалдан эртерээк кутулабыз»,- деди.
Кытай ислам жамааты менен өткөргөн жолугушуу тууралуу кенен маалымат берген Эрдоган : «Ыбадаттары тууралуу эркин экендерин айтышты»,- деди.
Шыңжан уйгур автоном аймагынын да сүйлөшүүлөрдө күн тартибине келгенин белгилеген президент : «Кытай Эл Республикасынын биримдигине каршы кыймылга биз да каршыбыз. Мындай жагдайда Кытай Эл Республикасы менен башка ойдо эмес экенибизди белгиледик»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар