«Исламофобияга каршы кызматташтык түзүүбүз керек»

Президент Р. Т. Эрдоган Кытай сапарын аяктап Индонезияга барды

309320
«Исламофобияга каршы кызматташтык түзүүбүз керек»

Борбор шаар Жакартада жолугушууларын баштаган Эрдоган Улуттук Коопсуздук институтунда сөз сүйлөдү. Эрдоган чет элдик душмандыгы, улутчулдук жана исламофобия сыяктуу кыймылдарга каршы жакын кызматташтык ичинде болуу керектигин айтты.
Сириядагы абалдардан улам Түркиянын жана эл аралык коомдун коопсуздугунун олуттуу коркунуч астында экенин айткан Эрдоган : «Тилкке каршы режим калкына каршы жүргүзгөн күрөштө химиялык куралдар, баллистикалык ракеталар жана террордук уюмдар болуу менен бардык жаман жолдорду колдонууда. Өлкөбүз азыркы учурда бардык террордук уюмдар менен бетме – бет келип турат. ДЕАШ террордук уюму мына ушундай түшүнүктүн жана мына ушундай проектинин продукциясы. Бул уюмдун жасагандарына биздин динибизде, ахлакыбызда жана маданиятабызда орун жок»,- деди.
Эрдоган сөзүнөн кийин дүйнөнүн эң чоң төртүнчү мечити катары кабыл алынган Индонезиянын символдорунан "Эркиндик" мечитине барды.
Индонезиянын мамлекет башчысы Жоко Видодо тарабынан президенттик сарайында расмий азем менен тосулуп алына турган Эрдоган кесиптеши менен өткөрө турган сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелешкен пресс жыйын өткөрөт. Индонезия өкүлдөр парламентинин спикери Сетя Нованто менен жолугуша турган Эрдоган президент Видодо тарабынан урматына бериле турган кечки тамакка да катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар