ТИКАдан Афганстанга билим берүү боюнча жардам
Акыркы 10 жылда 83 мектеп курулуп, 200 мектеп оңдолду.
ТИКАнын Афганстандагы билим берүү проектисинин саясында 200 миңден ашуун окуучу мектеп менен таанышты. Акыркы 10 жылда 83 мектеп курулуп, 200 мектеп оңдолду.
Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин төрагалыгы ТИКА Афганстанда ишин баштаган 2005 - жылдан бери билим берүү боюнча жардам берип келет. Арадан өткөн 10 жылда турмушка ашырылган 800 проектинин саясында 200 миң окуучу мектеп менен таанышып, 83 мектеп курулду, 200 мектеп да оңдолуп кызматка кирди.
ТИКА Афганстандагы билим берүү проектилери тууралуу отчет даярдады. Ушуга караганда ТИКА Афганстанда дарскана жана мугалимдердин кемчилигине чейин ар түрдүү тармактардагы кемчиликтерди жоюга аракет кылып жалпы өлкөдө 6, 5 миллион окуучуга кызмат кылды.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.