Өкмөттү куро боюнча сүйлөшүүлөр уланууда
Сүйлөшүүлөрдө демократиялашуу, жаңы конституция, саясий партиялардын мыйзамы жана негизги эркиндик темалары каралды.
Өкмөттү куроо процессинин алкагында Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Жумурият элдик партиясынын делегациялары экинчи жолугушуусун аяктады.
Сүйлөшүүлөрдө демократиялашуу, жаңы конституция, саясий партиялардын мыйзамы жана негизги эркиндик темалары каралды. Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Анкара эл өкүлү Мүжахит Арслан менен Жумурият элдик партиясынын жетекчи орун басары Бүлент Тезжан, делегацияларга кошулган жаңы мүчөлөр болушту.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик жолугуушудан кийинки түшүндүрүүдө: “ Натыйжалуу чогулуш болду, темаларды толук талкууладык”,- деди.
Жумурият элдик партиясынын жетекчи орун басары Халук Коч: “ Келише алган темалар бар. Макулдаша албаган темалар да бар, албетте. Ушул алкакта жолугууларды улантабыз”,- деди.
Коалиция үчүн жолугуулар эртең да улантат.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718915902)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.