Түркия НАТОну өзгөчө чогулушка чакырды

Түркия,НАТОну ДЕАШ операцияларына байланыштуу чогулушка чакырды.

304186
Түркия НАТОну өзгөчө чогулушка чакырды

Тышкы иштер министрилиги тарабынан даярдалган билдирүүдө соңку күндөрдо болгон террордук кол салуулардын артынан керектүү чаралар көрүлгөнү жана Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан операциялар жүргүзүлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө, “-Улуттук коопсуздугубузга багытталган бул соңку кол салуулар жана коркунучтарга каршы терроризм менен күрөшүү үчүн аткарылган операциялар жөнүндө маалыматтандыруу жана Түндүк Атлантика келишиминин 4-беренесинин алкагында НАТО кеңешчилиги үстүбүздөгү аптада биз тараптан чогулушка чакырылды”, деп айтылат. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг баштаган чогулуштун эртең боло тургандыгы пландаштырылганын маалымдады. Столтенберг, биримдик мүчөлөрүнүн өнүгүүсүн жакындан көзөмөлдөп, мүчөлөрдүн Түркия менен тилектештикте болгондугун айтты. 

Столтенберг Түркиянын чогулуш талабынын эң туура жана так убакытта болгондугун ойлогонун белгилеп, “Чогулушта Сирия, Ирак жана чөйрөсү менен Түркиянын НАТО чек араларынын жанындагы баш аламандыкты жана туруксуздукту колго алабыз”- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар