Давутоглу партиясынын областтык уюмдары менен майрамдашты

Давутоглу партиясынын областтык уюмдарын ар дайым шайлоого даяр турууга чакырды.

382456
Давутоглу партиясынын областтык уюмдары менен майрамдашты

Премьер-министр Ахмет Давутоглу партиясынын областтык башчыларына телефон чалып «шайлоо үчүн даяр болуу» буйругун берди.
Премьер-министрликтин маалымат борборунан алынган маалыматка ылайык өкмөт башчы Давутоглу, Орозо айт майрамы боюнча Адилеттик жана өнүгүү партиясынын областтык башчыларына телефон аркылуу бир-бирден байланышып сүйлөштү.
Областтык башчылары багытында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын майрамын куттуктаган Давутоглунун, областтардагы майрамдашуулар жана партиянын иштерине байланыштуу маалымат алганы белгиленди.
Премьер-министр Ахмет Давутоглунун жолугушууларда партиясынын областтык башчыларына, «Биз бул жерде коалициялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, акыркы мүнөткө чейин сүйлөшүүбүздү улантабыз. Ал эми сиз ар дайым шайлоого бара тургансып даяр турушуңуздар керек»-деген буйрук бергени белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар