Ирак Анкарадан аскердик жардам күтүүдө

Ибрахим Жафери биринчи болуп тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту

380678
Ирак Анкарадан аскердик жардам күтүүдө

Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим Жафери кечээ Анкарада жолугушууларды өткөрдү. Ибрахим Жафери биринчи болуп тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту.
Эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык темалар каралган сүйлөшүүдө ДЕАШ коркутуусу алдыңкылык берилген күн тартип беренеси болду. Ирак өзгөчө аскердик тармакта Түркиядан жардам күтүүдө.
Мевлүт Чавушоглу биргелешкен пресс – жыйында Ирактагы өкмөттү колдошкондорун жана муну ар мүмкүнчүлүктө баса белгилешкендерин билдирип: «Ирак бетме – бет келген маселелер тууралуу да жардамыбыз улантылат»,- деди. Чавушоглу Ирактын эң чоң маселесинин ДЕАШ террордук уюму менен күрөшүү экенин баса белгилеп : «ДЕАШ террордук уюму Ирак, Сирия жана Түркия үчүн абдан чоң коркутуу. Ар дайым ДЕАШ террордук уюму менен күрөшүүдө Ирактын жана Ирак калкынын жанында болдук, болууну улантабыз»,- деди.
Жаферинин сөзүндө Ирак полициясынын да машыктырылуусу күн тартибине келгенин белгилеген Чавушоглу Ирак полициясынын Түркияда машыктырыларын, армия жана аскерлер тууралуу да машыктыр – камсызда колдоосунун улантыларын айтты.
Ирактын тышкы иштер министри Жафери президент Р. Т. Эрдоган андан кийин премьер – министр Ахмет Давутоглу тарабынан кабыл алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар