Ибрахим Жафери Түркияга келет

Жаферинин күн тартибинде террордук уюм ДЕАШтын коркутуусу менен өлкөсүндөгү ички баш – аламандыктар болот

380388
Ибрахим Жафери Түркияга келет

Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим Жафери бүгүн Түркияга келет. Жаферинин күн тартибинде террордук уюм ДЕАШтын коркутуусу менен өлкөсүндөгү ички баш – аламандыктар болот. Түрк тышкы иштер министрлигинен да сапар тууралуу маалымат берилди. Маалыматта : «Ирактык министрдин сапары учурунда эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык карым – катнаштар каралат»,- деп айтылды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугуша турган Ирактын тышкы иштер министри Жафери 1 күндүк сапарында президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Ахмет Давутоглу тарабынан да кабыл алынат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар