Түркия Жибутиге жардам берүүдө

Түркия Жибутиге 6 тез жардам унаасын жана 6 тонна дары-дармегин жеткирди.

333232
Түркия Жибутиге жардам берүүдө

Түркия Жибутиге 6 тез жардам унаасын жана 6 тонна дары-дармегин жөнөттү.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги жана Премьер-министрликке караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) кызматташуусунда Жибутиге 6 толук жабдылган тез жардам унаасы белек кылынса, Премьер-министрликке караштуу апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы да бул өлкөдөгү йемендик баш калкалоочуларга 6 тонна дары-дармек жардамын берди.
Жардамдар Түркиянын Жибутидеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Явуз тарабынан Жибутинин саламаттык сактоо министри Касым Исакка азем менен тапшырылды.
Элчи Хасан Явуз Түркиянын жалгыз эле Жибутинин эмес, ар дайым Африка калынын жанында болгонун белгилеп кетти.
Жиубинин саламатык сактоо министри Исак да Түркиянын жардамдары аларды толкундантканын белгилеп, берилип жаткан колдоого ыраазычылыгын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар