Түркия 7 түрк жаранынын Израилге киргизилбешин айыптады

Израилдин кеңешчиси да тышкы иштер министрлигине чакырылып окуя тууралуу маалымат алынды

321444
Түркия 7 түрк жаранынын Израилге киргизилбешин айыптады

Израилдин кеңешчиси да тышкы иштер министрлигине чакырылып окуя тууралуу маалымат алынды. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «9 түрк жаранынын Израиль коопсуздук бөлүктөрү тарабынан алынып, 9 сааттык убакыт менен суракка алынууларын жана эки ТРТ кызматкеринин тышында 7 кишини кайра кайтарууларын айыптайбыз»,- деп айтылды.
Министрлик : «Израилдик жетекчилердин министрлигибиздин жана Тель Авив элчилигибиздин бардык демилгелерине карабастан жарандарыбызды аэропортто көптөгөн саат кармашы, визалары болгонуна карабастан өлкөгө киришине уруксат бербеши жана бул мамилелери тууралуу канаатандырарлык маалымат бербеши эч кандай кабыл алынбайт»,- деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар