Түркия дин иштери фонду чет элдик окуучуларды алууда

Түркия дин иштери фонду жыл сайын 102 башка өлкөдөн окуучуларга Эл аралык Имам Хатип лицейинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө

319605
Түркия дин иштери фонду  чет элдик окуучуларды алууда


Дин иштери фондунун баш директору Исмаил Палакоглу ТРТга процесс тууралуу маалымат берди. Түркияда Кайсери, Конья жана Стамбул болуу менен үч облуста Эл аралык Имам Хатип лицейи бар.
Эл аралык Имам Хатип лицейлерине окуучу тандоо үчүн Түркия дин иштери фонду ишин улантууда.
102 башка өлкөдөн 2 миң 700 кайрылуунун арасынан тандалган 400 окуучу Эл аралык Имам Хатип лицейинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Дүйнөнүн төрт тарабынан кайрылган окуучулар такталды. Түркия дин иштери фонду ийгиликтүү окуучуларга жогорку билим берүү, магистр билимин алуу үчүн да колдоо берүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар