Түрк Кызылайынын Ирактагы жардамдары

Түрк Кызылайынын Ирактагы жардамдары Рамазан айы бою уланмакчы.

312504
Түрк Кызылайынын Ирактагы жардамдары

Түрк Кызылайы Рамазан айындагы иш-чараларынын алкагында Ирактын Керкүк шаарында курулуш абалындагы имаратка баш калкалаган 200 араб үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын жеткирди.
Түрк Кызылайынын Ирак жардамдары боюнча жооптуу кызматкери Шафак Лостар, азык-түлүк жардамдарынын Рамазан айы бою улана турганын айтты.
Лостар дин, тил, раса жана агым айырмасын кылбастан согушта жабыркаган ар кимге жардам берип жаткандарын белгилей кетти.
Жардамдардын таркатылышына катышкан Ирак түркмөн фронтунун төрагасы жана Керкүк эл өкүлү Эршет Салихли да Түрк Кызылайы жана Түркиянын премьер-министрлигине караштуу курч кырдаалды башкаруу башкармалыгынын Ирактын түндүгүндө жана түштүгүндө жардам бергенин белгилеп: «Бул, Түрк Кызылайынын ирактыктардын арасында эч кандай айырмачылык кылбастан ар кимге жардам бергенинин белгиси болуп саналат. Иракка ушул убакка дейре миллиондогон доллардык жардамдар келди. Башка коңшу өлкөлөр да ушундай эле кадамды ташташса кандай сонун болоор эле. Мындай иштер жалгыз бир тараптын жардамы менен чечиле албайт»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар