Түрк аба жолдорунун жаңы каттамдары

Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны рекорддук деңгээлде өстү.

304577
Түрк аба жолдорунун жаңы каттамдары

Түрк аба жолдору Австриянын Грац жана Германиянын Карлсруэ-Баден-Баден шаарларына каттамдарын баштайт.
Австриянын Грац шаарына 22-июнда баштала турган каттамдар жумасына 4 жолу эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.
Түрк аба жолдору Карлсруэ-Баден-Баденди болсо 30-июндан тарта учуу желесине кошот. Каттамдар жумасына 4 күн эки тараптуу жүргүзүлөт.
Бул учурда Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны жылдын январь-май айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,7 пайыз өстү.
2014-жылдын январь-май айларында 21,4 миллион болгон жалпы жүргүнчүлөрүнүн саны 2015-жылдын тийиштүү мезгилинде 23 миллион 200 миң болду.
Жүргүнчүлөрдүн саны ички каттамдарда 10,5 пайыз, тышкы каттамдарда болсо 7,4 пайыз өстү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар