Президент Эрдоган Азербайжанда

Эрдогандын 2 күндүк сапарынын негизинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов жана Орусиянын президенти Путин менен да жолугушуусу күтүлүүдө

302302
Президент Эрдоган Азербайжанда

Президент Р. Т. Эрдоган Биринчи Европа оюндарынын ачылуу аземине катышу үчүн Азербайжандын борбор шаары Бакуга барды. Эрдогандын сапарынын негизинде биринчи болуп Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Президент Эрдогандын эки күндүк сапарынын негизинде Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов жана Орусиянын президенти В. Путин менен да жолугушуусу күтүлүүдө. 

Эрдоган Түркия убактысы менен маат 18де 49 өлкөдөн 6 миң спортсмен медаль үчүн жарыша турган Биринчи Европа оюндарынын ачылуу аземине катышат. Эрдоганды тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз менен жаштык жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч коштоодо. Президент Эрдоган эртең Бакудан кайтып келет.




Этикеткалар:

Тектеш кабарлар