Республикалык элдик партиясы билдирүү жасады
Бүлент Тезжан партиянын борборунда журналисттердин 7 - июндагы шайлоодон кийинки абалга байланыштуу суроолорго жооп берди
297588
Республикалык элдик партиясынын төрага орун басары Бүлент Тезжан партиянын борборунда журналисттердин 7 - июндагы шайлоодон кийинки абалга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Эрте шайлоо талкууларына байланыштуу бир суроого жооп берген Тезжан : «Оболу конституцияда мүмкүнчүлүк берилген процесстин бүтүүсү керек»,- деди. Өкмөттүн курулушу үчүн 45 күндүк мөөнөттүн бар экенин баса белгилеген Тезжан : «Биз Түркияда бул абалдан өкмөттүн чыга аларына ишенебиз. Болбосо кайрыла турган жер улут»,- деди.