Байден : "Израиль АКШнын тынчсызданууларына көңүл бурууда"

Жо Байден 31 -майда Израилдин Газадагы ок атышпоо жана туткундар тууралуу жаңы бир сунуш киргизгендигин жарыялаган.

2150074
Байден : "Израиль АКШнын тынчсызданууларына көңүл бурууда"

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефах шаарына карата кол салууларына байланыштуу Вашингтон башкаруусунун тынчсызданууларын эске алганын билдирди.

Нормандия аскердик операциясынын80 жылдыгынан улам Францияга барган Байден Израилдин Палетинага карата кол салууларына байланыштуу ABC Newsка маалымат берди.

Байден Рефахка карата кол салуулар тууралуу Израилдин премьер- министри Беньямин Нетаньяхунун Вашингтон башкаруусунун тынчсызданууларын көз жаздымда калтырбагандыгын белгилеп : «Мени угат деп ойлоймун. Рефахка кирип толугу менен басып алмак муну аткарышкан жок»,- деди.

Газа үчүн 3 этаптуу ок атышпоо сунушуна токтолгон Байден Израилдин маанилүү бир келишимди кабыл алгандыгын жана Нетаньяхунун да коомчулуктун алдында бул сунушту колдогондугун айтты.

Байден Хамастын да сунушту кабыл алышы керектигин белгилеп, ок атышпоо долбоорунундээрлик араб дүйнөсү тарабынан колдоого алынгандыгын жактады.

Президент Байден : «Ок атышпоону түзүүгө мажбурбуз»,- деди.

Жо Байден 31 -майда Израилдин Газадагы ок атышпоо жана туткундар тууралуу жаңы бир сунуш киргизгендигин жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар