Түркия гуманиардык жардамда алдыңкы өлкө

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын дүйнөнүн бардык жеринде сөзү өткөн, чечим чыгарган өлкө болгонун айтты

293821
Түркия гуманиардык жардамда алдыңкы өлкө

Антальяда сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын адамдарга карата тышкы саясат жүргүзгөнүн баса белгиледи. Чавушоглу : «Гуманитардык жардамда Түркия дүйнөдө үчүнчү орнуда турат, бирок улуттук киреше менен салыштырылганда биринчи орунда»,- деди. 15 жыл мурда Түркиянын 1 миллиард доллар алуу үчүн ИМФнин каалгасында күткөнүн, бирок эми жылда 3 – 4 миллиард долларга жакын расмий өнүгүү жардамын бергенин белгиледи. Чавушоглу : «Сомалиге, Суданга оорукана, Балкандарда бардык жерлерге жол салып суу алып баруудабыз. Тарыхый чыгармаларыбызды оңдоп жатабыз. Дүйнөнүн бардык жерине берген өнүгүү жардамдары менен алдыңкы өлкө болдук»,- деди. Чавушоглу БУУнун эң активдүү өлкөлөрүнүн бири болгон Түркиянын бир топ инциативдин кош төрагалыгын аткарганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар