Дагы 6 өлкөдө добуш берүү процесси башталды

Чет өлкөдө жашаган түрктөр үчүн добуш берүү процесси 31-майда аяктайт.

296773
Дагы 6 өлкөдө добуш берүү процесси башталды

Дагы 6 өлкөдө добуш берүү процесси башталды.
Болгария, Нидерландия, Италия, Канада, Сауд Арабия жана Түркмөнстанда жашаган түрк жарандары 7-июнда өткөрүлө турган парламенттик шайлоо үчүн добуш бере баштады.
Бириккен Араб Эмирликтери, Бириккен Королдук, Босния-Герцеговина, Алжир, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Македония, Орусия жана Грецияда жашаган түрк жарандары да ишемби күнү шайлоо участкаларына барат.
Чет өлкөдө жашаган түрктөр үчүн добуш берүү процесси 31-майда аяктайт.
Шайлоо комиссиясы 7-июндагы парламенттик шайлоо үчүн 54 өлкөдөгү 112 өкүлчүлүктө шайлоо участкаларын ачкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар