«Нью-Йорк Таймс» чегин билсин!

Президент Эрдоган «Нью-Йорк Таймс» гезитинин чектен чыккан жазууларын сынга алды.

289224
«Нью-Йорк Таймс» чегин билсин!

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарында чыккан «Нью-Йорк Таймс» гезитинин Түркиянын ички иштерине кийлишкен кабар жазуу менен эркиндик аянтынын тышына чыкканын айтты.
Эрдоган Стамбулда уюштурулган «Президенттик системасы үчүн өлкө үлгүлөрү жана Түркия үчүн президенттик системасынын негизги динамикалары» аттуу диспуттагы сөзүндө, аты аталган гезитти Түркия туурасында жаңылыш маалыматтарды бергени үчүн катуу сынга алды.
Президент Эрдоган бул гезиттин чектен чыкканын баса белгилеп: «Адепсиз жазуу менен «Эрдогандын Түркиясында булар болуп жатат» деп ал жактан шилтеме кылыптыр, кудум эле АКШга буйрук берген сыяктуу. «Эмне турасынар» дейт. Сен бир гезитсин, чегиңди билишин керек. Америка бийлигине каршы ушундай нерсе жаза аласынбы? Алар дароо чара көрүшөт»-деди.
Эрдоган сөздөрүн: «Биз улут менен мамлекеттин ортосундагы байланышты күчтөндүргөн сайын, айрым кишилер мындан тынчсызданып жатышат»-деп аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар