MIKTA тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Чавушоглу террор менен күрөшүүнүн негизинде бир стратегия жүргүзүлүүсү керектигин баса белгиледи

284726
MIKTA тышкы иштер министрлеринин жыйыны

MIKTA башкача айтканда Мексика – Индонезия – Түштүк Корея – Түркия – Австралиядан турган 5 - тышкы иштер министрлеринин жыйыны Түштүк Кореяда өткөрүлдү. Жыйында БУУнун Тынчтык Күчү операцияларынан Коопсуздук Кеңешинин Реформасына террор менен күрөшүүдөн көчмөн маселесине чейин бир топ тема каралды. Өнүгүү кыз матташтыгы, климаттык алмашуу, кибердик коопсуздук сыяктуу темалар да каралган жыйында айрыкча MIKTAнын расмий веб сайтынын ачылышы да болду.
Австралиянын сентябрь айынан баштап MIKTAнын координатор өлкө болушуна чечим чыгарды. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жыйында Сирия кризисинин чечилүүсүнө карата көз караштарын бөлүштү, Женева билдирүүсүнүн ишке ашуусу үчүн Сирия режимине кысым жасалуусу керектигин айтты. Чавушоглу террор менен күрөшүүнүн негизинде бир стратегия жүргүзүлүүсү керектигин баса белгиледи.
Чет элдик согушчандардын Түркия үчүн чоң бир коркутуу экенин жана бул тууралуу коопсуздук чараларын көрүшкөндөрүн белгилеген Чавушоглу : «Бирок тууралуу эл аралык коом менен дагы көп кызматташтык жана маалыматтарды бөлүшүүгө муктаждыгыбыз бар»,- деди. Андаман деңизинде болгон көчмөндөр трагедиясына да токтолгон Мевлүт Чавушоглу бул маселени жок кылуу үчүн рохиньгиялардын Мьянмадагы абалынын жакшыртылуусу керект экенин айтты. Чавушоглу Түркиянын бул үчүн бир миллион доллар жардам берерин жана бардык колдоону берүүгө убада кылганын белгиледи. Чавушоглу жыйынга катышкан тышкы иштер министрлер менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды да өткөрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар