Түркия-Татарстан карым-катнаштары

Татарстандын президенти Денизлидеги ишканаларды кыдырды.

278978
Түркия-Татарстан карым-катнаштары

Орусияга караштуу Татарстан Республикасындагы түрк инвестициялары барган сайын көбөйүүдө.
Татарстан Республикасынын Президенти Рүстем Минниханов Денизли шаарына келди.
Уюшкан өнөр жай аймагын кыдырган конок президент текстиль ишканаларында иликтөөлөрдү жүргүздү.
Экономика министри Нихат Зейбекчинин коштоосунда жүргөн конок президентке денизлилик ишкерлердин Татарстандагы инвестициялары тууралуу маалымат берилди.
Нихат Зейбекчи да денизлилик ишкерлерди Татарстанга инвестиция жасоого чакырды.
Зейбекчи: «Керек болсо Орусия менен керек болсо Орусиянын ичиндеги бул жанган жылдыз Татарстан менен соода тармагы өнүктүрүлөт. Түркия, Орусия жана Татарстан мындан эң көп пайда тапкан өлкөлөр болот»,-деди.
Ал эми Минниханов: «Ушул учурда Татарстанда түрк ишкерлери менен биргелеше курулган 280 ишкана бар. Түркия инвестициялар темасында чоң тажрыйбага ээ. Мындан пайдалангыбыз келет»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар