Чек арадан ашып өткөн Сириянын тик учарына ок атылды
Сириянын аба унаалары кээде Түркиянын чек арасына кирип келишет.
277718
Башкы штабдын интернет барагында орун алган жарыяда, Сирияга таандык бир тик учардын Хатайдын Алтынөзү районунун түштүгүндө Куюбашы багытындаТүркиянын аба мейкиндигине кирип кеткени белгиленгени билдирилди.
Анда, «Ал окуя боюнча абда согушу күзөт милдетин аткарган эки Ф-16 учагыбыз аймакка багытталды жана сөзү болгон тик учар атылып түшүрүлдү. Ал тик учак Сириянын территориясына кулап түштү» деген сөздөр орун алды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718914016)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.