Фетхиеде эңиштен парашют менен учуу

Эңиш парашюту менен учкан туристтердин 80 пайызын англистер түзүп, акыркы учурларда кытайлыктар да чоң кызыгуу көрсөтө башташты

276750
Фетхиеде эңиштен парашют менен учуу

Мугланын Фетхие районунда туризм сезону ачылып, эңиштен парашют менен учуулар башталды. Дүйнөгө белгилүү Өлү деңизин жогору жактан көрүүну каалаган туристтер аймакка келүүнү улантууда. Бабадагдан эңиш парашюту менен учкандардын саны 2014 – жылы 92 миң 500дөн ашты. Бул жылы мунун 100 миңге жетүүсү күтүлүүдө. Өзгөчө чет элдик туристтер кызыгуу көрсөткөн эңиш парашюту менен учкан туристтердин 80 пайызын англистер түзүп, акыркы учурларда кытайлыктар да чоң кызыгуу көрсөтө башташты. 2015- жылы аймакка келген турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 30 пайызга артуу көрсөттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар