Эрдоган STAV журналы менен маектешти

«Балкан элдери менен бир туугандык байланыштарыбызды тереңдетүүнү каалайбыз»

275626
Эрдоган  STAV журналы менен маектешти

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын бир туугандык байланыштарынын алкагында Балкандардагы бардык калктардын тынчтык жана бейкуттугунун күчтөнүүсүн каалаганын айтты. Президент Эрдоган 20 - майда ишке ашыра турган Босния – Герцеговина сапарынан мурда бул өлкөдө чыккан STAV журналы менен маектешти.
Түркиянын Босния – Герцеговинага болгон көз карашын билдирген Эрдоган : «Абдан жакшы эки тараптуу карым – катнаштарыбызды дагы да күчтөндүрүүнү каалайбыз»,- деди. Президент Босния – Герцеговина саякатынын 2014 - жылы бийликке келген жаңы өкмөт менен карым – катнаштарды карап чыгуу үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүк экенин айтты. Бошняк, серб же хорват деп бөлбстөн Босния – Герцеговинадагы бардык этникалык топторго бирдей мамиле кылышкандарын айткан Эрдоган мунун Түркиянын өлкөгө берген жардам жана инвестицияларда да өзүн көрсөткөнүн белгиледи.
Түркиянын Босния – Герцеговинада ырааттуулук жана өнүгүүнүн түзүлүшү үчүн бардык салымды кошконун белгилеген Эрдоган өлкөнүн Европа жана Атлантика мекемелери менен бүтүндөшүү процессинин да абдан чоң колдоочусу экенин айтты. Президент Эрдоган репортажында Сребреницага да токтолду. Эл аралык коомдун Сребреница геноцидинен сабак чыгарып этникалык жек көрүүгө каршы чара көрүүсү керектигин белгилеген Эрдоган бошняк калкынын санаасын чын жүрөктөн бөлүшкөнүн белгиледи. Маектешүүдө Босния – Герцеговинанын легендарлуу лидери Алия Иззетбегович менен эскерилерине да токтолгон Эрдоган Иззетбеговичти дарылануу үчүн Түркияга чакырганда Иззетбеговичтин : «Рухуму өз жеримде бергим келет»,- деп жооп бергенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар